Жаңы өкмөт башчы: 2030-жылга чейин өлкө бюджетин 1 трлн сомго жеткиребиз

18.12.2024 | 11:02

Кыргызстандын бюджетин 2030-жылга чейин 1 триллион сомго жеткиребиз же андан ашырабыз. Бул тууралуу өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев бүгүн, 18-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жаткан Касымалиев командасы менен экономиканы көтөрүүгө бардык күч-аракеттерин жумшай турганын айтты.

“Алдыга чоң максаттарды коюп жатабыз. 2030-жылы ички дүң продукцияны 30 млрд долларга жеткиребиз, ал киши башына 4,5 миң доллардан туура келип калат. Буйруса, бюджетти 1 триллион сомго чейин же балким андан да ашырабыз. Бул көрсөткүчтөргө жетүүгө мен командам менен чогуу бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, – деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл жазында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө бюджетин эки жыл ичинде 1 триллион сомго жеткире тургандарын билдирген.

https://reporter.kg/tashiev-eki-zhyl-ichinde-byudzhetti-1-trillion-somgo-chygarabyz-video/

Scroll to Top