Шыкмаматов унаа салыгын жоюп салууну сунуштады (видео)

Шыкмаматов унаа салыгын жоюп салууну сунуштады (видео)

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов унаа салыгын алып салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Ал 2025-жылдан тарта жаңы жыйым кирип, ар бир литр күйүүчү майдан 1 сомдон алына баштай турганын, андан түшкөн акча жол оңдоого жумшала турганын айтты. Бирок буга чейин ошол эле максатта киргизилген унаа салыгы бар экенин, кош салык болбошу үчүн аны жоюу керектигин билдирди. Анын айтымында, унаа салыгы жергиликтүү бюджеттерге түшкөндүктөн, акча жол оңдоого эмес, башка иштерге жумшалып кетүүдө.

«Эки жолу салык алынбашы үчүн унаа салыгын алып салыш керек. Бул менин жеке пикирим», — деди ал.

Жаңы жылдан баштап күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон жыйым алына баштайт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>