Журналисттерге каршы митингдин уюштуруучусу алып баруучу кызды урду (видео)

Журналисттерге каршы митингдин уюштуруучусу алып баруучу кызды урду (видео)

Эркин басылмаларга каршы митинг уюштуруп жүргөн активист Илимбек Исраилов алып баруучу кызды микрофон менен урду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Окуя 22-декабрда Facebook party кечесинде болгону айтылууда. Исраилов алгач алып баруучу Чыңгыз Рыскелдиевди микрофон менен урган. Андан кийин алып баруучу Керемет Сабыржановага кол көтөргөн. Рыскелдиев кесиптешине болушуп, Исраиловду жерге жыккан. Кечедеги башка адамдар арачага түшүп, урушту токтотуп калган.

Илимбек Исраилов 2022-жылы октябрда «Азаттык», «Кактус Медиа» жана «Клооп» басылмаларынын жабылуусун талап кылып, митинг өткөргөнү менен белгилүү. Ал турсун Исраилов «Азаттыктын» кеңсесин өрттөйм деп коркутканы бар.

Быйыл апрелде ал милиция тарабынан «бейбаштыкка» шектелип кармалган. Кийинчерээк алар жабырлануучу менен жарашкандыктан, иш токтотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>