Өлкөдө тамак-аш азыктарын, суусундук жана тамеки чыгарган 415 ишкана катталган

Өлкөдө тамак-аш азыктарын, суусундук жана тамеки чыгарган 415 ишкана катталган

Кыргызстанда тамак-аш азыктарын, аны менен катар суусундуктарды жана тамеки өндүргөн 415 ири жана орто ишкана катталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди

Алардын ичинен Баткен облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 38, Ошто – 28, Ысык-Көлдө – 25, Нарында – 11, Таласта — 4, Чүйдө — 136, Бишкекте — 146 жана Ош шаарында – 20 ишкана катталган.

Ошондой эле өлкөдө тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки өндүрүү менен алектенген 10 миң 813 жеке ишкер катталган.

Өлкөнүн кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү 19,9 %га жетет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>