Садыр Жапаров: Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жататКоммерциялык эмес уюмдар грант жана кайрымдуулук каражаты боюнча ачык отчет берүүгө милдеттендирилдиКыргызстан парламенттик шайлоого Германиядан байкоочуларды катышууга чакырдыПрезидент Садыр Жапаровдун төрагалыгында виртуалдык активдер боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөтКыргызстандагы мектептерде БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өтүүдөБишкектеги бардык РИИБ жана шаардык милиция бөлүмдөрүнүн телефон номурларынын тизмеси
Кыргызстанда дарбыздын экспорту 360%га өстү
25.12.2024 | 13:02
Кыргызстанда дарбыздын экспорту 360%га өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, өлкөдө дарбыз негизинен Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп өстүрүлөт. Быйыл Кыргызстанда 252 миң 720 тонна дарбыз жыйналган.
Ал негизинен Россия, Казакстанга жана башка КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот. Быйыл Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө 1 376,6 тонна дарбыз жөнөтүлгөн. 2023-жылы экспорт 295 тоннаны түзгөн. Былтыркага салыштырмалуу экспорт 360%га өскөн.
Министрлик акыркы жылдары Кыргызстанда өстүрүлгөн дарбызга суроо-талап көбөйүп жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом