Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду
05.03.2026 | 10:34

Оштун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 4 жаг бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр саат 02:00дө жөнөтүлгөн. Өрт саат 03:50дө толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен төрт бала каза болду:
- 2018-жылы туулган Т.Р.;
- 2020-жылы туулган Т.Б.;
- 2021-жылы туулган Т.А.;
- 2023-жылы туулган Т.М.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тийиштүү кызматтар тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар