Алып баруучу жигит менен кызды урган Илимбек Исраилов 5 күнгө камалды

Алып баруучу жигит менен кызды урган Илимбек Исраилов 5 күнгө камалды

Бишкекте өткөн Facebook party кечесинде алып баруучу жигит менен кызды микрофон менен урган активист Илимбек Исраилов 5 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Октябрь райондук сотунун чечими менен Исраилов «майда бейбаштыкка» күнөөлүү деп табылып, 5 күнгө камакка алынган.

Аталган берене боюнча 5,5 миң сом айып салуу же 30-40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, болбосо үчтөн беш күнгө чейин камакка алуу жазасы каралган.

Эскерте кетсек, Илимбек Исраилов жакында эле Бишкекте өткөн Facebook party кечесинде алып баруучулар Чыңгыз Рыскелдиев менен Керемет Сабыржанованы микрофон менен урганы тартылган видео соцтармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Андан кийин ал кечирим сураганы тартылган видеону «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Исраилов өзүнүн жоругу туура эмес экенин, ал үчүн өкүнүп жатканын айтып, алып баруучу жигит менен кыздын алдынан өтүп, кечирим сураганын билдирген. Ошондой эле ал элден да кечирим сураган.

Кийинчерээк ал милиция тарабынан кармалган.

Милиция алып баруучуларды урган Илимбек Исраиловду кармады

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>