Казакстанда кырсыкка учураган учакта бараткан үчүнчү кыргызстандык да тирүү экени аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, ал — 36 жаштагы Э.Д. аттуу жаран. Мындан мурдараак 20 жана 26 жаштагы эки кыргызстандык кырсыктан аман калганы кабарланган. Алар үчөө тең ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле кырсыктан, буга чейин айтылгандай 28 киши эмес, 32 адам аман калганы такталган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-декабрда Актауда Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кырсыктаган. Ал Актаунун аэропортуна авариялык конуу жасамак. Бирок аба майданына 3 чакырым жетпей жерге кулаган. Азербайжандын ӨКМинин маалыматы боюнча, учакта 67 киши бараткан. Алардын ичинен бешөө экпиаждын мүчөлөрү болушат. Ошондой эле учакта Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жана Кыргызстандын 3 жараны болгон.
Казакстандагы учак кырсыгынан эки кыргызстандык аман калганы кабарланууда