Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
УКМК казакстандык ишкердин эс алуу борбору мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди
27.12.2024 | 11:43
УКМК Ысык-Көлдөгү «Симирам» эс алуу борбору мамлекетке өткөрүлүп берилгенин билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында эс алуу борбору акысыз түрдө мамлекетке өткөрүлүп берилген.
Корумду айылында жайгашкан эс алуу борбору 1 млрд 84,6 млн сомго бааланууда.
Эскерте кетсек, быйыл июлда УКМК «Симирам» эс алуу борборунун директору Самат Азаровду кармаган. Августта «Симирамдын» ээсин, казакстандык ишкер Ясынжан Таировду издөөгө алган. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого айыпталган.
https://reporter.kg/ukmk-kazakstandyk-ishker-yasynzhan-tairovdu-izdoogo-aldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом