Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
УКМК Ысык-Көлдөгү “Симирам” пансионатынын директорун кармады
12.08.2024 | 14:21
Ысык-Көлдөгү “Симирам” эс алуу борборунун директору Самат Азаров кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Азаровдун бөгөт чарасы 25-июлда Октябрь райондук сотунда каралып, ал 4-сентябрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Самат Азаров УКМК тарабынан кармалган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 12-августта УКМК “Симирам” эл алуу борборунун ээси, казакстандык ишкер Ясынжан Таиров издөөгө алынганын кабарлаган. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелүүдө.
https://reporter.kg/ukmk-kazakstandyk-ishker-yasynzhan-tairovdu-izdoogo-aldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом