Бишкектен Вьетнамдын Фукуок аралына чартердик аба каттам ачылды

27.12.2024 | 17:11

Бишкектен Вьетнамдын Фукуок аралына чартердик аба каттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Биринчи аба аттам 26-декабрда аткарылган. Жүргүнчүлөрдү «Аэро Номад» компаниясынын учактары ташыйт.

Аталган компаниянын учактары Москва, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад эл аралык багыттары боюнча каттайт. Ошондой эле Бишкек – Ош багыты боюнча ички жана Гоа, Пхукет, Фукуокко чартердик аба каттамдарды аткарат.

Scroll to Top