Мектептерде 8-класстар үчүн биология, химия боюнча профилге чейинки даярдоо сабактары киргизилетБишкекте ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин жабылатОрусияда кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды19-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришет
Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 75% акциясын чет элдик компанияга сатты
27.12.2024 | 18:15
Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 75% акциясын люксембургдук ALTAIR HOLDING S.A. компаниясына сатты. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Маалым болгондой, буга чейин Каржы министрлиги «Керемет Банктын» 97,45% акциясына ээлик кылып келген. Ал 8,5 млрд сомго бааланып жаткан.
Калган 2,55% акциялар жеке жарандарга таандык болгон.
Министрлик өзүнүн 75% акциясын 6,5 млрд сомго саткан. Эми алардын колунда 2 млрд сомдук 22,45%дык акция калды.
«Керемет Банктын» 75%ын сатып алып, контролдук пакетке ээ болгон ALTAIR HOLDING S.A. Люксембургда “Де Ла Петрусс бульвары, 45-47” дарегинде катталган. Ал инвестиция тармагында иш алып барат.