Актаудагы учак кырсыгында аман калган үч кыргызстандык мекенине алып келинди

Актаудагы учак кырсыгында аман калган үч кыргызстандык мекенине алып келинди

Казакстанда Актау шаарында учак кырсыгында аман калган үч кыргызстандык мекенине алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кыргызстандыктар учак менен тез жардам кызматы аркылуу алып келинип, ал «Манас» эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конгон. Баары аман-соо келген. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 25-декабрда Актауда Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кырсыктаган. Ал Актаунун аэропортуна авариялык конуу жасамак. Бирок аба майданына жетпей жерге кулаган. Азербайжандын ӨКМинин маалыматы боюнча, учакта 67 киши бараткан. Алардын ичинен бешөө экпиаждын мүчөлөрү болушат. Ошондой эле учакта Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жана Кыргызстандын 3 жараны болгон.

Бул кырсыкта 29 киши аман калып, калган 38 адам каза болгон. Учакта бараткан үч кыргызстандык тең — 20, 26 жана 36 жаштагы жарандар аман калган.

Казакстандагы учак кырсыгынан үч кыргызстандык тең аман калды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>