ӨКМ: Өрт коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилигиндеАКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргиздиӨлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүнАдылбек Касымалиев: Туризм экономикага туруктуу салым кошо баштадыIV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталдыАк илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр Жапаров
Кызыл-Кыяда мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти
03.01.2025 | 12:38
Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен молдо Кызыл-Кыя шаарындагы Аль-Гуфран мечитине азан чакырууга келип, ак шейшепке оролгон кичинекей эркек баланы таап алган.
Аталган факты 2025-жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.
Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык бириккен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды, абалы туруктуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар