Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бишкектин сыртына эс алуу үчүн чыккан унаалардын саны 2600дөн ашты
03.01.2025 | 12:53
Эс алуу күндөрү Бишкек шаарынан сырткары “Чуңкурчак”, “Кашка-Суу” сыяктуу жана башка лыжа базаларына чыккан унаалардын болжолдуу саны 2-январь күнү 2600дөн ашты.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, унаалардын баары шаарды көздөй бир убакта келе жаткандыктан, жол тескөөчүлөрү шаарга кире бериш жерлерде жол тыгындарын жөнгө салышып, жол тыгындарына жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Белгилей кетсек, учурда жол тыгындары жок жана абал көзөмөлдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар