Сербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталат — кыргызстандык балбандар килемге чыгатКытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка артка кайтарылдыБет кап, витрина жана 7 мүнөт: Луврдагы тоноо видеого түшүп калганЭкологиялык рейд учурунда жайыттарды бузган эки адамга айып белгилендиУбактылуу тынчтык бүттү. ЦАХАЛ Газа секторуна сокку урдуКыргызстандын ак май экспорту өсүүдө
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу бороондон улам убактылуу жабылды
04.01.2025 | 17:37
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында болуп жаткан катуу бороондон улам убактылуу жабылды.
Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 216-223-чакырымдар аралыгындагы Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында катуу бороон болууда. Аймакты караган № 960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен жолдо калган унааларга жардам берип, чыгарып жатышат.
“Жол көрүнбөй, бороон катуу болгондуктан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө. Аба ырайы турукташкан соң тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери уланат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар