“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Бир жумада өлкөдө 312 мас айдоочу кармалды
06.01.2025 | 11:18
Кыргызстанда бир жумада 312 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-декабрдан 5-январга чейин өлкөдө 13 миң 685 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 361 унаа айып короого коюлган.
Жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 436;
- Мас айдоочулар – 312;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 150;
- Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 1 миң 924;
- Автоээнбаштык – 8;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 114;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 миң 682.
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом