Садыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого бардыОрусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууландыМамлекеттик өнүктүрүү банкы Туюк дарыясындагы чакан ГЭСтин курулушун каржыладыТоктоп турган унаадан идиш-аяк уурдашкан. Бишкекте 2 киши кармалдыЧүй облусунда браконьерлерге 250 миң сом айып пул салындыКызмат көрсөтүү Кыргызстандын экономикасынын локомотиви бойдон калууда
Кызыл-Кыяда ымыркайды мечитке таштап кеткен 16 жаштагы эне кармалды
11.01.2025 | 11:25
Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттен табылган ымыркайдын апасы табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.
Ымыркайды мечитке таштап кеткен эне 16 жаштагы кыз болуп чыкты. Милиция ал 10-январда кармалып, тергөө иштери уланып жатканын кабарлады.
Эскерте кетсек, 3-январда Кызыл-Кыядагы Аль-Гуфран мечитине азан чакырууга келген молдо ак шейшепке оролгон ымыркайды (эркек бала) таап алган. Ал ооруканага жеткирилип, дарыгерлерге өткөрүлүп берилген. Анын абал туруктуу экени айтылган.
https://reporter.kg/kyzyl-kyyada-mechitke-zhany-torolgon-ymyrkajdy-tashtap-ketishti/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом