Прокуратура: Жалал-Абад облусунда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия дайындалганКыргызстандыктар үчүн Кытайдын ЖОЖдорунда окууга 9 мамлекеттик стипендия бөлүндүMBusiness акциясында ишкерлер 1 миллион жана 200 миң сомдон утуштуПутин, Си Цзиньпин жана Трамп Шэньчжэнь шаарында жолугушту: сүйлөшүүлөр алдындагы негизги учурларЖыргалаңдагы «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери 1-декабрда расмий түрдө ачылатКыргызстандык стендап-комик Элдос Алмазов каза болду. Ал 29 жашта эле
Кыргызстандык футболчу Жоэл Кожо Ирандын клубуна өттү
11.01.2025 | 12:27
Кыргызстандын курама команданын чабуулчусу Жоэл Кожо Ирандын «Эстеглял» клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
«Эстеглял» Ирандын эң белгилүү футбол клубдарынын бири болуп саналат. Команда Ирандын жогорку дивизионунда ойнойт. Учурда клуб 16 команданын катышуусунда өткөн чемпионаттын жадыбалында 8-орунда турат. «Эстеглял» Ирандын 9 жолку чемпиону болгон, Азия чемпиондор лигасын эки жолу жеңген.
Жаңы клуб менен келишим 2 жылга түзүлүп, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Жоэл Кожо 11 номери менен ойнойт.
Эскерте кетсек, футболчу буга чейин Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда ойноп келген. Өткөн сезондо клубдун катарында 24 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом