Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Кыргызстандык футболчу Жоэл Кожо Ирандын клубуна өттү
11.01.2025 | 12:27
Кыргызстандын курама команданын чабуулчусу Жоэл Кожо Ирандын «Эстеглял» клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
«Эстеглял» Ирандын эң белгилүү футбол клубдарынын бири болуп саналат. Команда Ирандын жогорку дивизионунда ойнойт. Учурда клуб 16 команданын катышуусунда өткөн чемпионаттын жадыбалында 8-орунда турат. «Эстеглял» Ирандын 9 жолку чемпиону болгон, Азия чемпиондор лигасын эки жолу жеңген.
Жаңы клуб менен келишим 2 жылга түзүлүп, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Жоэл Кожо 11 номери менен ойнойт.
Эскерте кетсек, футболчу буга чейин Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда ойноп келген. Өткөн сезондо клубдун катарында 24 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом