Эколог ышты жоготуу үчүн бийик салынган үйлөрдүн үстүнкү кабаттарын бузуу керектигин айтты

Эколог ышты жоготуу үчүн бийик салынган үйлөрдүн үстүнкү кабаттарын бузуу керектигин айтты

Бишкекте ыш маселесин чечүү үчүн жаңы салынган көп кабат үйлөрдүн үстүнкү кабаттарын алуу керек. Бул тууралуу «Акчабар» сайтына курган маегинде эколог Сергей Криворучко билдирди.

Криворучконун айтымында, борбор калаадагы абанын булганышына ЖЭБ, кышында көмүр, мазут жаккан жер тамдар жана унаалар баары күнөөлүү. Бирок башаламан көп кабат үй салгандардын күнөөсү андан көп болбосо эле, кем эмес.

Бишкектеги ЖЭБде, жер тамдарда от жакканды токтотуп, такыр унаа айдалбай калса да ыш боюнча кырдаал жакшырып калат дегенге болбойт. Себеби жыш салынган көп кабат тамдардын айынан шаардагы абанын айланышы бузулган.

Маселен мурда Бишкек эртең менен түштүктөн түндүккө (тоо тараптан келген), кечинде түндүктөн түштүккө (тоо тарапка) соккон сыдырым жел болуп турары эске алынып долбоорлонгон. Анын аркасы менен шаар «дем алып турган». Азыр ал соккон жел жоголуп кеткен жок. Бирок абанын агымы бийик салынган үйлөрдүн үстүнкү кабаттарына, чатырларына барып такалып калат.

Ошондуктан Сергей Криворучко ыш маселесинин «тамырын кыя чаба тургандай» кескин чараларды көрүш керек деген пикирде. Ал көп кабат үйлөрдүн үстүнкү кабаттары алынса, жел жүрүп, абанын айланышын калыбына келтирүүгө болорун айтат. Антпесе көйгөйдү чечип болбойт.

Маекти толугу менен «Акчабар» сайтынан окуй аласыздар

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>