Чүй облусунда форель жана осетр балыктарын кайра иштетүүчү завод ачылдыМСК салык төлөөчүлөрдү ЭСФ 2.0 пилоттук долбооруна кошулууга чакырдыСадыр Жапаров Ереванда COP17 саммитинин ачылышына катышты16-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барат
Бишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалды
20.02.2026 | 12:43

Бишкек шаарында улгайган аялды чоң акчага алдап кеткен деп шектелип 22 жаштагы жигит кармалды.
Бишкек ШИИБдин маалыматында, милцияга 77 жаштагы аял кайрылып, анда өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар анын ишенимине кирип, 850 миң сом акчасын ээлеп алышканын билдирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы А. Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар