Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Кыргызстандын эркин күрөш жана грек-рим балбандары Хорватиядагы мелдешке катышпайт
17.01.2025 | 13:42
Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандары Хорватияда өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешине катышпайт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди башкы машыктыруучулар кабыл алган. Учурда балбандар Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдө.
Бул мелдешке өлкө атынан балбан кыз Айпери Медет кызы гана барат. Ал азыр турнирге даярдык көрүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында Кыргызстандын 9 грек-рим балбаны Zagreb Open катышары айтылган. Учурда сайтта алардын аттары катышуучулардын тизмесинен алынган.
https://reporter.kg/ajperi-medet-kyzy-horvatiyadagy-meldeshke-katyshat/
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт