Бишкекте соода борбордон кыздын iPhone 13 Pro телефонун уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте соода борбордон кыздын iPhone 13 Pro телефонун уурдаган шектүү кармалды

Бишкек шаардык Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды, деп билдирет Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 12-январында РИИБге Б.П. аттуу кыз кайрылып, ошол эле күнү саат 18:30да Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринде анын 80 миң сомдук iPhone 13 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жаран уурдап, изин жашырып кеткенин айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул фактынын негизинде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына өткөрүлүп, андан соң шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жогу такталууда.

Милиция шектүүнүн аракетинен жапа чеккендер жана кандайдыр бир маалыматы бар болгон жарандардан төмөнкү телефондорго чалууну өтүнөт: 0(505) 10-65-65, 0(312) 54-41-16 же 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуру. .

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>