Кыргызстан агросекторду жеңилдетилген насыялоого 13 миллиард сомдон ашык каражат багыттайтДүйнө Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдын курчушун күтүп жататМосквада Кыргыз илим жана маданият үйү ачылатМСК салыктарды санариптештирүүнү көздөп жатат. Бизнес үчүн эмнелер өзгөрүшү мүмкүн?Парламентте мектеп окуучуларына «смарт-кэжуал» стилинде кийинүүгө уруксат берүү сунушталдыКыргызстан менен Индонезия биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүүнү макулдашты
Кара-Сууда муктаж болбогон 47 адамга 1,3 млн сом жөлөкпул берилгени аныкталды
22.01.2025 | 15:07
Ош облусунун Кара-Суу районунда муктаж болбогон жарандарга жөлөкпул берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Облустук прокуратура Социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылдын май айына чейин муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендигин аныктаган. Натыйжада мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом