Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Кыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салынды
19.02.2026 | 15:22

Министрлер кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду жана алардын калдыктарын өлкө аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечим автомобилдерден чыккан газдар менен атмосферанын булганышын азайтуу, жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, катализаторлорду кайра сатуу үчүн унаалардан мыйзамсыз алып салуу жана уурдоо учурлары көбөйгөн.
Тыюу салынган товарлардын тизмеси:
- Мурда пайдаланылган катализаторлор (ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815);
- Иштетилген катализаторлордогу металлдарды камтыган шлактар, күлдөр жана калдыктар (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620);
- Палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктары менен сыныктары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112);
- Катализатору бар үн басаңдаткычтар жана газ чыгаруучу түтүктөр (ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92).
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом