Ош–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылууда
Каржы министрлиги биринчи мамлекеттик криптобиржаны каттады
24.01.2025 | 15:46
Каржы министрлиги өлкөдө биринчи Coin National Exchange криптобиржасын каттады. Ал 2024-жылы 30-декабрда Юстиция министрлигинин реестрине киргизилген. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.
Coin National Exchange мамлекеттик компания болот. Анын жетекчиси катары Бийболот Мамытов көрсөтүлгөн.
Аты айтып тургандай, компания криптоактивдер менен байланышкан операцияларды аткарат деп болжолдосо болот.
Министрликтин документтери боюнча, 2024-жылы анын баштапкы уставдык капиталы үчүн өлкө бюджетинен 100 млн сом бөлүнгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом