ЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
Руслан Казакбаевге дагы үч өлкөдө элчи болуу вазийпасы жүктөлдү
29.01.2025 | 17:39
Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаевге дагы үч мамлекетте элчи болуу вазийпасы жүктөлдү.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Руслан Казакбаев Түркия жана Израилден тышкары, Кыргызстандын Албания, Түндүк Македония жана Черногориядагы элчиси болду. Анын башкы резиденциясы Анкарада жайгашат. Тиешелүү жарлыкка президент кол койгон.
Эскерте кетсек, Руслан Казабаев 2022-жылы ноябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон. 2023-жылы июнда ага кошумча Израилде элчи болуу милдети жүктөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар