ЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
Дээрлик 3,5 жылда Кумтөрдө 54 тоннадан ашык алтын казып алынды
30.01.2025 | 15:36
Кумтөр кенинде 2021-жылдын май айынан бери 2024-жылдын декабрь айына чейин (тышкы башкаруу киргизилип, андан кийин мамлекеттин менчигине алынган мезгилде) 54 тоннадан ашык алтын казып алынган. Бул тууралуу «Кумтор Голд Компанинин» Директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов аталган кенде өткөн отурумда билдирди.
Анын айтымында, аталган убактан бери 1,2 млрд доллар таза киреше түшкөн. Өлкө бюджетине 891,6 млн доллар салык жана башка төлөмдөр жасалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом