Таласта тургун башына таяк менен сокку жеп көз жумган. Шектүү кармалды

31.01.2025 | 16:34

Таласта 43 жаштагы жаран башына таяк менен сокку жеп көз жумган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 21-январда аларга Кең-Кол өзөнүндө мал багып жашап жүргөн 43 жаштагы киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция барып, маркумдун сөөгүн кароо учурунда жаракаттары бар экени аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 41 жаштагы жаран К.Б. кармалып, 2 айга камакка алынган.

Тергөө учурунда кылмыш спирт ичимдигин ичкенден кийин жасалгандыгы, шектүү пикир келишпестиктен улам каза болгон жаранды таяк менен башка чапкандыгы аныкталган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Scroll to Top