УКМК: Раззаков шаарында 31 сотых жер мамлекетке кайтарылды

УКМК: Раззаков шаарында 31 сотых жер мамлекетке кайтарылды

Баткендин Раззаков шаарында 31 сотых жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жер «Додосян көчөсү 77» дарегинде жайгашкан. Мурда ал жерде коомдук мончо иштеп келген. 2000-жылы ал бир ишкер тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Кийин мончо өз багыты боюнча колдонулбай, бара-бара бузулуп, иштетилбей калган.

УКМК жердин азыркы ээси аны өз ыктыяры менен Раззаков шаарынын мэриясына кайтарганын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>