Кыргызстандык инженер-гидротехник Амантур Салымбаев түтүндү тазалай турган чыпка ойлоп тапты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, Салымбаев ойлоп тапкан чыпканын өзгөчөлүгү ал өз алдынча, электр энергиясыз жана суусуз, аэродинамика мыйзамдарырын негизинде иштейт. Ал мордон чыккан түтүндүн 97% зыяндуу заттарын, анын ичинде көө менен көмүр кычкыл газын (CO₂) кармап калат. Учурда ал Кыргызпатенттен патент алууда.
Азыркы тапта Салымбаев ойлоп тапкан чыпка 6 жерде, анын ичинде Беловодсктогу борбордук мечитте, темир устанын мешинде, Бишкектеги жеке объектте жана Нарында орнотулган. Алар ойлоп табуучунун ишин колдоого алган Accelerate Prosperity фонду тарабынан акысыз түрдө сыноо иретинде коюлган.
Чыпка 5-6 жыл иштеп берет. Бир чыпканын баасы 25 миң сомду түзөт.
Амантур Салымбаев анын башкы максаты акча табуу эмес, экологияга, келекчек муунга кама көрүү экенин айтат.
«Акча табуу биринчи орунда турган жок. Мен небелерим таза аба менен дем алышын каалайм. Өз өлкөмдүн мекенчил адамымын десем болот», — деди ал.
Министрлик Амантур Салымбаевдин табылгасы өлкө боюнча жайылса, Кыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга өбөлгө түзүлөрүн билдирет.