Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайтReporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилди
Бишкекте өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт
21.02.2025 | 13:49
Бишкекте 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында (U-17) эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 22-23-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде СССРдин спорт чебери, Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Ражап Жанаевдин жаркын элесине арналып уюштурулат.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92 жана 110 кг салмакта күч сынашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт