Кара-Сууда «Хизбут-Тахрирчилердин» үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү
Кара-Суу районунда 18-февралда УКМК менен Ош ОИИБ тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш иши боюнча тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жыйынтыгында “Хизбут -Тахрир” радикал-экстремисттик агымынын “Аль-Вайи” деп аталган 4 китеби, “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун 4 баракчасы, 2 бычак, 55 түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук алынды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
[image_carousel source=”media: 218392,218393,218394,218395,218396″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз