Бишкекте жол кайгуулчулар сыйланды

23.02.2025 | 16:15

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагерлери жана жалпы кызматкерлери сыйланды.

Куттуктоо иш-чарасында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков катышып, жалпы өздүк курамды Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Ошондой эле, иш-чараны уюштурган ЖКККББнын жалпы айымдар кеңешине терең ыраазычылыгын билдирүү менен ардактуу ардагерлерге жана кызматкерлерге төш белгилерди, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды ыйгарды.

[image_carousel source=”media: 218413,218414,218415,218416,218417″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top