Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жергиликтүү тургундар өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын жасап, сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматын маалыматы боюнча, Бууракан айылынын тургуну (О.У.А.) коңшулары үйүндө жашабай жатканынан пайдаланып, марихуананы чогултуп, нашаа жасап, сатуу менен алектенген.
Аталган тургун (О.У.А.) өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айтып, жергиликтүү укук коргоо органдары менен бир нече жолу чыр-чатакка барган. Ошондой эле кол алдында иштеген адамдарды жапайы кара куурай чогултууга жана нашаа жасоого мажбурлаган.
12-февралда шектүүлөрдүн жашаган үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, 33,48 кг марихуана, 1,25 кг нашаа жана баңгизат жасоо үчүн керектүү шаймандар табылып алынган.
Шектүү катары О.У.А жана дагы Э.Р.А, Д.Н.Н. аттуу эки тургун кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.