Бүгүн Алматыдагы PWL-8 мелдешинде Махмудов менен Медет кызы күрөшөт

Бүгүн Алматыдагы PWL-8 мелдешинде Махмудов менен Медет кызы күрөшөт

Бүгүн, 25-февралда Казакстандын Алматы шаарында Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдеши өтүп, анда кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Айпери Медет кызы күрөшөт.

Бул мелдеште Махмудовдун атаандашы франциялык Ибрагим Ганем болот. Эки балбан 77 кг салмакта күч сынашат.

Ганем буга чейин бир жолу дүйнө чемпиону болгон, бир ирет күмүш тагынган. Ошондой эле Европа чемпионатынын күмүш байгесин уткан.

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана күмүш байгесинин ээси, Азиянын үч жолку чемиону, бир жолу күмүш уткан.

Ал эми Айпери Медет кызы Алматыдагы мелдеште казакстандык балбан кыз Жамиля Бакбергенова менен кез келет. Алар 76 кг салмакта таймаш өткөрөт.

Айпери Медет кызы буга чейин дүйнө чемпионатында күмүш жана коло байге уткан. Азия оюндарынын жеңүүчүсү, коло байге ээси болгон. Азиянын эки жолку чемпиону, үч ирет күмүш тагынган.

Анын атаандашы Жамиля Бакбергенова дүйнө чемпионатында үч жолу күмүш, бир ирет колого татыган. Азия оюндарынын күмүш байге ээси. Азиянын үч жолку чемпиону, бир жолу күмүш жана бир ирет коло уткан.

PWL-8 мелдешинин алкагында жалпы 12 беттеш болот. Медет кызы биринчи, ал эми Махмудов тогузунчу болуп килемге чыгат. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 20:00до башталат.

Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Россияда Poddubny Wrestling League деген ат менен түзүлгөн. Былтыр атын өзгөрткөн. Бул мелдеште балбандар бир беттеш өткөрүп, жеңүүчү аныкталат.

Бул уюм түзүлгөндөн бери 7 жолу мелдеш уюштурулуп, алардын бири Бишкекте өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>