Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Кыргызстан менен Пакистан айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет
06.02.2026 | 13:40

Айыл чарба министрлигинде кыргыз буурчагын Пакистанга экспорттоону көбөйтүү маселеси каралды. Айыл чарба министринин орун басары Бектен Бекболотов менен Пакистан Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хандын жолугушуусунда эки өлкөнүн айыл чарба, соода жана халал-индустрия багыттарындагы кызматташтыгы талкууланды.
Тараптар техникалык эксперттердин биргелешкен жумушчу тобун түзүү, бал жана кургатылган жемиштердин соодасын өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды илгерилетүү боюнча макулдашышты.
Пакистан тарап сүт өндүрүү жана аны кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Пакистандын техникалык жардам программасынын (PTAP) алкагында айыл чарба жана токой чарбасы боюнча окуу курстарын сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика