Корея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйт
Каракол менен Кызыл-Кыянын мэрлери кызматтан кетти
28.02.2025 | 12:54
Ысык-Көлдүн Каракол калаасынын мэри Фархат Алжамбаев жана Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык, Алжамбаев менен Маткалыков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыктан, мэрликтен бошотулган.
Фархат Алжамбаев мэр кызматына 2024-жылы майда дайындалган.

Ал эми Асылбек Маткалыков 2021-жылдын июнунан бери калаа башчы болуп келген.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом