Кыргызстанда коомдук транспортторго рейд жүргүзүлүп, эки күндө 4 млн 182 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарга жана маршруттук унааларга карата “Коомдук транспорт” аталышында рейдтик иш-чара жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында эки күндө жүргүнчүлөр менен катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, техникалык абалы оң абалда эмес туруп каттамга чыккан, тийиштүү лицензиялык талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз жабдууларды орноштурган, жүргүнчүлөдү туура эмес жерлерден алган жана түшүргөн, аялдамаларда башка айдоочуларга тоскоолдуктарды жараткан жана башка одоно жол эрежелерин бузган 2630 коомдук транспорттордун айдоочулары аныкталып, жалпы 4 млн.182 миң 500 сом айып салынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз