Кыргызстандын балбандары Албанияда өткөн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Muhamet Malo рейтингдик мелдешинде 9 медаль утту.
Мелдеш 26-февралдан 2-мартка чейин болуп өттү.
Кыргызстандык балбандар бул турнирде 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло тагынды.
Алтын байгеге грек-рим балбандарынан Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) татыды. Ошондой эле Дөөлөтбек Чойбеков (63 кг) күмүш, Баяман Апилов (63 кг) жана Ырыскелди Хамзаев (72 кг) коло тагынды.
Балбан кыздардан Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш утту.
Ал эми эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу (65 кг) күмүш, Билол Шарип уулу (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) коло тагынды.