Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев «Фейсбуктагы» баракчасында 12 жылдык билим берүү тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, 12 жылдыкка өткөндө университеттерде окуу 4 жылдан 3 жылга азайып, студенттер окууну бир жылга эрте бүтөт. Ошондой эле колледждердеги окуу азыркыдай 3 эмес, 2 жыл болуп калат.
Иманалиев 12 жылдык билим берүүдө 10-класстан кийин эле лицей, орто кесиптик окуу жайларга өткөндөр көбөйөрүн, баары эле сөссүз түрдө 12 жыл окуй бербей тургандыгын билдирген.
«Төртүнчүдөн балдарыбыз мектепке 7 эмес, 6 жашында барса, сабакты өздөштүрүүсү тезирээк жана сапаттуу болору эбак аныкталган. Бешинчиден 12 жылдыкка өтүү бул дүйнөлүк алдыңкы билим берүү интеграциясына аралашуу болуп эсептелинет. Алтынчыдан, сапаттуу билим берүү жана 12 жылдыкка өтүү экөө эки башка маселе», — деген ал.
Эске салсак, кечээ, 3-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүгө каршы экенин «Фейсбуктагы» баракчасында билдирген.