ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Жол тескөөчүлөрү пара опузалоого шектелип кармалды
04.03.2025 | 13:03
Талас облусунун Айтматов райондук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган бөлүмдүн инспектору, милициянын майору К.Н.Р. жана кенже инспектору, милициянын сержанты Н.С.Ж. айып короо жайына токтотулган унааны чыгарып берүү үчүн мыйзамсыз түрдө акча алышкан.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, аталган кызмат адамдары убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар