Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Адылбек Касымалиев Вьетнамдын ишкерлери менен жолугушту
07.03.2025 | 14:51
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 7-мартта Ханой шаарында Вьетнамдын бизнес-коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Жолугушууга ар кандай тармактарда иштеген 70ке жакын ишкер катышкан. Анда Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, инвестицияларды тартуу, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Касымалиев ишкерлерге Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттар тууралуу айтып берген. Вьетнамдык ишкерлер Кыргызстан менен активдүү кызматташууга даяр экенин билдиришкен.
Иш-чаранын жыйынтыгында, төмөнкү документтерге кол коюлган:
- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Вьетнамдын Өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Вьетнамдагы Vtech компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы менен Вьетнамдын электр энергетика системасынын жана рыногунун улуттук операторунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат