Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болду. ТИМдин маалыматы
11.03.2025 | 13:44
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда кыргызстандык үй-бүлөнүн киши колдуу болгону тууралуу маалыматты тастыктады.
АКШнын укук коргоо органдары Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугуна берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары – 45 жаштагы М.А., анын 48 жаштагы жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А. киши колдуу болгон.
Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулугу үчүн окуянын толук чоо-жайы айтыла элек. Ошондой эле башкы консулдук каза болгондордун жакындары менен байланышып, сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелерди чечип жаткандыгы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар