Кыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндүОш, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулатКыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышат
УКМК: Сүлүктүдө мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды
11.03.2025 | 13:50
Баткендин Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2010-жылы декабрда аталган оорукананын имараты көмүр казуучу компанияларга ачык аукцион аркылуу жеке менчикке сатылган. Бирок имаратты сатууда Жер кодексинин 78-беренесинин 2-пункту бузулган. Кийин ал имарат максатсыз пайдаланылып, бузулуп, иштебей калган.
Атайын кызмат билдиргендей, көмүр казуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык мурдагы оорукананын имараты жана анын 88 сотых жери ыктыярдуу түрдө шаар мэриясына өткөрүлүп берилди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом