2025-2026-окуу жылына кабыл алуу үчүн «Акылман» президенттик лицейи конкурстук тандоону жарыялады. Конкурстук тандоого Кыргызстандын ар бир мектебинде окуп жаткан 6-класстын окуучулары катыша алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Конкурстук тандоо 3 этаптан турат. 1-2-этаптарында математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых сабактарынан онлайн тест ташыруу, ал эми 3-этапта жеринде математика, логика, кыргыз тили жана англис тили сабактарынан оффлайн тест тапшыруу болот.
1-2-этаптагы онлайн тест тапшырууга катышуу үчүн test.akylman.edu.kg cайтына катталуу керек. Катталуу 2025-жылдын 1-апрелинен баштап, 14-апрелге чейин уланат.
1-тур 18-19-апрель күндөрү онлайн форматта, 2-тур 23-24-апрель күндөрү онлайн форматта, ал эми 3-тур 1-майдан 8-майга ар бир облуста жеринде өткөрүлөт.
Жыйынтыгында, 3 этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынат.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга ылайыктуу болушу керек:
1) Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класста окуусу;
2) Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;
3) “Жакшы”, “эң жакшы” деген баага окуусу, башкача айтканда, ударник же отличник болуусу.
Министрлик “Акылман” президенттик лицейине өткөн окуучулар 100% мамлекет тарабынан камсыздалынарын, андыктан окутуу акысыз болорун билдирди. Ошондой лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөрү, мындан улам, орус тилдүү класстар жок экенин кабарланды.
Конкурстук тандоо тууралуу толук маалыматты @akylman.presidential_school инстаграм баракчасынан, @“Акылман” Кабыл алуу — 2025” телеграм каналынан ала аласыздар.