Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Эки мамлекеттик агенттиктин директорлорунун орун басарлары кызматтан кетти
19.03.2025 | 12:19
Министрлер кабинетине караштуу эки мамлекеттик агенттиктин директорлорунун орун басарлары кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимдерге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Маалыматка ылайык, Алмамбет Касымбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду.
Ошондой эле Бакытбек Шералиев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматынан бошотулду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат