Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
ӨКМ: Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
19.03.2025 | 13:51
Аба ырайынын жылыганына байланыштуу 19-23-март күндөрү Бишкек – Ош жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Ошондой эле муз тоңуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Ал эми Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертти. Ошондой эле, жарандарды бул күндөрү зарылдык болбосо, алыскы сапарга чыкпай турууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом