Кыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайы
Эми отчёт берүү мөөнөтүн онлайн узартууга болот
03.04.2025 | 15:37
Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчёт берүү мөөнөтүн узартууга арыз берүү функциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, арыз отчёттуулук мөөнөтү аяктаганга чейин берилиши керек. Салык органы арызды карап чыккандан кийин 30 күнгө узартуу чечимин кабыл алат.
Ошондой эле, отчёттуулуктун мөөнөтүн узартуу салык төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртпөйт.
Салык кызматы бул узартуу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон товарларга байланыштуу кыйыр салыктар боюнча отчётторго тиешелүү эмес экендигин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом